Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге 167 млн. доллардан ашуун насыя бөлгөн

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө жалпысынан 569 долбоор каржыланып бүттү. Анын ичинен эң көп — 154 долбоор Бишкек шаарында иштетилсе, эң азы Талас облусуна туура келет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 14-ноябрга карата кыргыз ишкерлерине 167 миллион доллар насыя бергенин расмий сайтына жарыялады.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы 2 ветеринардык лабораторияны Россия 138 млн. рублга жабдыйт
ОКӨФ Кыргызстандын экономикалык абалын жакшыртуу үчүн өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнөн кийин түзүлгөн. Анын уставдык капиталын 500 миллион долларга жеткирүү пландаштырылууда. 

Насыянын көпчүлүк бөлүгү 21,1 пайызы азык-түлүк өнөр жайын жакшыртууга жумшалса, 20,3 пайызы — транспорт жана логистикага бөлүнгөн. Ал эми 13,4 пайыз насыя курулуш тармагын каржылоого керектелген.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 569 долбоор каржыланып бүттү. Анын ичинен эң көп — 154 долбоор Бишкек шаарында иштетилсе, эң азы Талас облусуна туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0