Бишкекте "Кыргызстан — Калининград" бизнес форум өтөт

Жазылуу
Кыргызстан менен Калининграддын ишкерлери балык консерваларын өндүрүү, туризм жана консалтинг тармактары боюнча кызматташуу маселелерин талкуулайт.

БИШКЕК, 18 ноя. — Sputnik. Бишкекте "Кыргызстан — Калининград" бизнес форуму 21-ноябрда өтөт. Бул тууралуу КРдин Соода-өндүрүш палатасынын сайтында маалымдалат.

Калининград — Россиянын батышында жайгашкан облустун административдик борбору. Ал ири транспорттук түйүн болуп, Россиянын 25 өндүрүш борборунун катарына кирет. 

Калининграддын ишкерлери төмөнкү тармактарды тааныштырат:

  • Балык консерваларын өндүрүү;
  • Туристтик тармак;
  • Окутуу жана билим берүү;
  • Консалтинг;
  • Курулуш материалдарын өндүрүү.

Иш сапардын башкы максаты жогоруда көрсөтүлгөн тармактарга кызыкдар болгон кыргызстандык компаниялар менен жолугушуу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0