ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери бирдиктүү бажы кодексин жактырды

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Евразийского межправительственного совета
Премьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы документтер ишти автоматташтырууга шарт түзөт. Ал эми бизнес менен бажы администраторлорунун бетме-бет келүүсү болушунча азайды. Бажы кодекси эми ЕАЭБ мамлекет башчылары тарабынан декабрь айында кабыл алынышы керек.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 16-ноябрда Горкада (Россия, Москва облусу) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин өкмөт башчыларынын жыйынында ЕАЭБдин бирдиктүү бажы кодекси кабыл алынды.

Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын премьер-министрлери катышты.

Иш-чарага төрагалык кылган Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБдин бажы кодекси боюнча ишке катышып жаткан мамлекеттерге ыраазычылык билдирди. Ал адистер жана ЕЭК тарабынан чоң иш жасалганын баса белгиледи.

"Бүгүн ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндөгү келишимдин долбоору премьер-министрлердин деңгээлинде макулдашылды. Декабрь айында боло турган мамлекет башчылардын жолугушуусунда биз Бажы кодексин алардын кол коюусуна сунуштай алабыз. Декабрда тийиштүү чечим президенттер тарабынан кабыл алынат деп ишенебиз. Кийинки жылдан тарта Евразиялык экономикалык биримдикте жаңы Бажы кодекси иштей баштайт", — деди Сагинтаев.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ЕАЭБдин Бажы кодексинде бажы кызматтарынын ишине байланыштуу маанилүү нормаларды камтый турганын айтты.

ЕАЭБдин Бажы кодекси биримдиктин нормативдик-укуктук базасынын негизги документи болуп калат. Ал Бажы тармагын жөнгө салууда Евразиядагы "бештиктин" макулдашууларын бирдей кылууга жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0