Бишкекте декабрь айында ири инвестициялык форум өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта Кыргызстана — сом
Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган форумга Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина жана Монголия мамлекеттеринен өкүлдөрдүн келери маалым болду.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында BIF — 2016 аталышындагы ири инвестициялык форум өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.

Ночной Бишкек. Кадры с высоты птичьего полета - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков: өнүккөн транспорттук инфраструктура — инвестиция тартуунун фактору
Уюштуруучулардын катарында Экономика министрилиги жана Индиянын Кыргызстандагы элчилиги да бар.

Аталган форумга Индиядан инвесторлор келип, мындан аркы кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшүшөт. Мындан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина жана Монголия өңдүү мамлекеттерден өкүлдөр келери маалым болду.

Инвестициялык форумду өткөрүүнүн башкы максаты — ийгиликтүү компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстандын экономика тармагындагы потенциалдуу инвесторлор менен жолугуштуруу. Иш-чарада ишкерликти өнүктүрүүгө муктаж компаниялардын долбоорлору көрсөтүлүп, ишкерлер сөз сүйлөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0