Кытай Бишкектин жолдору үчүн 3 млрд. сомго жакын грант берет

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекНанесение разметок и обновлению лежачих полицейских в Бишкеке
Нанесение разметок и обновлению лежачих полицейских в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай 38 чакырым жолду оңдоп-түздөө иштерине кайтарымсыз каражат бөлөт. Бул боюнча тиешелүү документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кытай өкмөтү Бишкектин жол тармагынын өнүгүшүнө 300 миллион юань (3 миллиард сомго жакын) грант бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2-ноябрда Кыргызстанга Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын башчылыгында атайын делегация расмий иш сапары менен келген. Жолугушуунун алкагында КРдин экономика министринин милдетин аткаруучу Арзыбек Кожошев жана Кытайдын коммерция министри Гао Хучэн бир катар келишимдерге кол коюшту. 

"Анда КЭР Кыргызстанга 300 миллион юань кайтарымсыз грант бере тургандыгы каралган. Каражат "Бишкектин көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, тараптар "Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу катына кол коюшту. Ага ылайык, Кытай 38 чакырым жолду оңдоп-түздөө иштерине каражат бөлүп берет. Бирок анын суммасы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0