Бишкекте ачылган цех баштапкы баскычта 1000 трактор чогултат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСобранные трактора на сборочном цехе тракторов и сервисном центр по обслуживанию сельхозтехники в Бишкеке
Собранные трактора на сборочном цехе тракторов и сервисном центр по обслуживанию сельхозтехники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын премьери бул жайдын ачылышы соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчү деген баасын берген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Андрей Кобяков "Автомаш Радиатор" ишканасынын тракторлорду чогултуучу цехтин жана айыл чарба техникасын тейлөө борборунун ачылыш салтанатына катышты.

Жээнбеков эки тарап өлкөнүн өндүрүшүн жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноочу өндүрүштү ишке киргизип жатканын айтты. 

Ал эми Андрей Кобяков Белоруссия Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. 

"Биз эки мамлекеттин аймагында мындан да ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. Белоруссия тарап Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууга даяр", – деди Кобяков салтанатта.

Белоруссиянын премьери Кыргызстанда "Беларус" заводунун өкүлчүлүгүнүн ачылышы – эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчү деген баасын берген.

"Биздин дыйкандарыбыз "Беларус" маркасындагы тракторлорду жакшы билишет жана аны ишенимдүү техника катары баалашат. Бүгүнкү окуя алар үчүн жагымдуу жаңылык катары кабылданат деп ишенем", – деп айткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жээнбеков.

Ал Минск трактор заводунун жана "Автомаш Радиатор" заводунун жетекчилигине Кыргызстанда биргелешкен долбоорду ишке киргизүү боюнча аткарылган иши үчүн ыраазычылык билдирген.

Баштапкы баскычта заводдо 1000 "Беларус" трактору чогултулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0