Жээнбеков менен Ли Кэцяндын жолугушуусунан соң бир катар документтерге кол коюлду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОфициальный визит премьера Госсовета КНР Ли Кэцяна в Кыргызстан
Официальный визит премьера Госсовета КНР Ли Кэцяна в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жолугушуп, эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кытай Кыргызстан менен жылуу мамилени мындан ары да чыңдоого кызыкдар. Бул тууралуу Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян КРдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Белгилей кетсек, Ли Кэцян бүгүн, 2-ноябрда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Ал эртең, 3-ноябрда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 15-юбилейлик жыйынына катышат

"ШКУнун Ташкент шаарында өткөн жыйынында эки өлкө жылуу мамиледе экени дагы бир ирет бышыкталды. Биз буга чейин Кытайда дагы жолугуп, келишимдерге кол койгонбуз. Кытай Кыргызстандын өнүгүшүн толугу менен колдоп, эки тараптуу кызматташууну арттырууга кызыкдар", — деди Ли Кэцян. 

Кытайдын премьерин кучак толо гүл жана боорсок менен тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын премьерин кучак толо гүл жана боорсок менен тосуп алышты
Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ар убакыт кызматташууга даяр экенин билдирди. 

"Буга чейин жолугуп, келишимдерге кол койгон учурду жылуу маанайда эстейм. Биз сиз менен баарлашуунун ар кыл форматтарында каалаган маселелерди ишенимдүү түрдө талкуулай алабыз", — деди Жээнбеков. 

Тараптар жолугушуу соңунда эки өкмөттүн кызматташуусу, кайтарымсыз грант, чакан жана чоң бизнести өнүктүрүү, интеллектуалдук менчикти өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө бир топ келишимдерге кол коюшту.

Жаңылыктар түрмөгү
0