Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерге 160 млн. доллардан ашуун каражат бөлдү

Жазылуу
Акча көбүнесе азык-түлүк өнөр жайы, унаа жана айыл чарбасына берилүүдө.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) 24-октябрга карата 160 миллион 753 миң доллар насыя бергени фонддун сайтына жарыяланды.

Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ шартына ылайык лаборатория курууга 250 млн. сом жумшалат
ОКӨФ Кыргызстандын экономикалык абалын жакшыртуу үчүн өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнөн кийин түзүлгөн. Анын уставдык капиталын 500 миллион долларга жеткирүү пландаштырылууда. 

Мында насыянын 22,3 пайызы азык-түлүк өнөр жайына берилген. 21,6 пайызы — транспорт жана логистикага бөлүнгөн. Ал эми айыл чарба жаатына 9,6 пайызы туура келет. 

Фонд ушу кезге чейин 524 долбоорду каржылап, насыячылардын көбү бишкектиктер болуп саналат. Эң азы Нарын жана Талас облустарына туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0