Ассоциация: Казакстан Кыргызстанга интернетти мурдагы баада сатууга даяр

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКомпьютердин клавиатурасына окшоштуруп жасалган торт. Архив
Компьютердин клавиатурасына окшоштуруп жасалган торт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Абасканов "Акнет" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын негизинде интернет башка канал аркылуу берилерин да белгилеп өттү.

БИШКЕК, 24-окт. – Sputnik. Казакстандык операторлор Кыргызстанга интернетти секундасына бир мегабитке 15 доллар болгон мурдагы (июнь айындагы) баасында сатууга даяр. Бул тууралуу КР байланыш операторлор ассоциациясынын (БОА) башчысы Нурбек Абасканов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, провайдерлер Москва шаарында Capacity Россия жана КМШ-2016 аталышындагы КМШ өлкөлөрүндөгү телекоммуникациялык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Нурбек Абасканов "Акнет" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын негизинде интернет башка канал аркылуу берилерин да белгилеп өттү.

"Сүйлөшүү учурунда казак операторлору бир гана бюджетти кыскартпоо талабын коюшту. Бул эгер баа 15-20 долларга түшүп кетсе, ал көлөмүн да жоготпошу керек дегенди түшүндүрөт", — деди БОА жетекчиси.

Абасканов баары төлөө формасынан, көлөмдөн жана жекече сүйлөшүүлөрдөн көз каранды болорун белгиледи.

"Эгер башка операторлор жөнүндө сөз кыла турган болсок, мурун алардын тарифи 20-25 долларды түзсө, эми алардын баасы да төмөндөйт. Ал эми башка операторлордуку 1-январдан баштап 15 доллардын тегерегинде болмокчу", — деди Абасканов.

Белгилей кетсек, август айынын башында Кыргызстандын интернет-операторлору казакстандык провайдерлерден интернеттин баасы 3-4 эсеге көбөйдү деген билдирүү алган. Ошондон бери кыргыз провайдерлери Казакстандык өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0