Жыл башынан бери улуттук валютадагы аманаттын көлөмү 10 млрд. сомго өстү

Жазылуу
Жыл башынан бери сомдук салымдардын көлөмү 10,3 милиард сомго өссө, долларлык аманат 11,8 миллиард сомго төмөндөп кеткен.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2016-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү 10,3 миллиард сомго өскөнүн Улуттук банк билдирди.

Жыл башында сомдук депозиттин көлөмү 35,4 миллиард болсо, июлдун соңуна карата 46,7 миллиарддан ашуун сомго көбөйгөн. Мында орточо коюм 0,19 пайызга төмөндөп, 4,67 пайызды түзгөн.

Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эмгек мигранттардын акча которуусу 140 млн. долларга өстү
Ал эми чет элдик валюта менен салынган аманат сомдук эквивалентте 66,5 миллиарддан 55,7 миллиард сомго кыскарган. Коюм 0,66 пайызга төмөндөп, 2,87 пайызды түзгөн.

Жыл башынан бери жалпы депозиттин көлөмү 99,4 миллиард сомдон августтун соңуна карата 101,5 миллиард сомго чейин жогорулаган.

Бирок августтун жыйынтыгы менен сомдук депозиттин көлөмү азайып, доллар менен салынган аманаттын көбөйгөнү байкалды. 

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын аягы менен Кыргызстанда экономиканы дедолларизациялоо процесси башталган. 2016-жылдын башынан бери доллар 75,89 сомго чейин жогорулап, августта 7 сомго чейин арзандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0