Финансы министрлиги зер буюмдардын импорту бир нече жолу өскөнүн билдирди

© AFP / Sam PANTHAKYПродавец золотых ювелирных изделий в Индии.
Продавец золотых ювелирных изделий в Индии. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары атамекендик сырьедон жасалган зер буюмдардын өндүрүшү азаюуда. Ошол эле учурда сырттан келген зер буюмдар көбөйгөн. Финансы министрлиги жергиликтүү өндүрүүчүлөр атаандаша алуусу үчүн шартты жеңилдетүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 2009-жылдан тарта өлкөдөгү зер буюмдардын импорту бир нече эсе өскөнүн КР Финансы министрлиги билдирди.

Аталган министрлик "Баалуу металлдар жана таштар жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда өлкөдөгү зер буюмдар тармагындагы мониторингдин жыйынтыгы да жазылган.

"Күмүштөн жасалган зер буюмдардын өндүрүшү 2009-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 2,2 эсе азайган. Башкача айтканда 195 килограммдан 85 килограммга чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда чет жактан келген күмүш зер буюмдардын көлөмү 28 эсе көбөйүп, 349 килограммдан 9,7 тоннага чейин өскөн. Ал эми алтындан жасалган азем буюмдардын өндүрүшү 2015-жылы 2009-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе азайып, 231 килограммдан 79 килограммга чейин төмөндөгөн. Ал ортодо аталган мөөнөт ичинде алтындан жасалган зер буюмдардын көлөмү 50 эсе көбөйүп, 25 килограммдан 1,3 тоннага чейин көтөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Импорттун көп болушу ата мекендик өндүрүшчүлөрдү базар рыногунан сүрүп чыгарып, алардын өндүрүшүнүн кыскарышын шарттайт деген коркунуч бар экенин министрлик баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0