Шаарлар жыл аягына чейин "Коопсуз шаар" долбооруна каражат бөлөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу видеобайкоо. Архив
Жолдогу видеобайкоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоору акырындык менен ишке ашып, аны жергиликтүү бийлик каржылашы керек. Бишкек ал үчүн 30 миллион сом бөлгөн.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жыл аягына чейин Бишкек шаары баш болгон бир канча калаалар "Коопсуз шаар" долбооруна каражат бөлөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымында, маселени ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. 

"Июнь айында долбоор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир канча шаарларынын мэрлерине көрсөтүлгөн. Жыл аягына чейин Бишкек, Кант, Токмок, жана Кара-Балта шаарлары "Коопсуз шаар" долбооруна каражат бөлүү боюнча келишимге кол койгон. Тендерлерди муниципалдык органдар өзүлөрү өткөрөт", — деди Орозалиев. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылы долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынып, 2015-жылы тендердин жеңүүчүсү болуп "Стилсофт Бишкек" компаниясы табылган. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы долбоорго 30 миллион сом бөлгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0