Жанар Акаев: интернеттин баасы боюнча комиссия түзөлү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев
Депутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев интернеттин баасын арзандатуу боюнча атайын комиссия түзүү керек деген пикирде.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан интернетсиз калышы мүмкүн. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Анын айтымында, аталган маселе боюнча атайын комиссия түзүү керек. 

"Бүт дүйнөдө интернет байланышы арзандап, өнүккөн өлкөлөрдө бекер болууда. Ал эми Кыргызстанда интернет баасы кымбаттап, сапаты начарлап жатат. Бааны казак провайдерлери көтөрүүдө. Буга чейин биз тарап менен жолугуп, бааны арзандатабыз дешкен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим аткарылбай жатат. Кыргызстан интернетсиз калышы мүмкүн. Ушундай коркунуч бар", — деди Акаев.

Мужчина отсоединяет интернет кабель от компьютера. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин баасы деги эмне болмой болду?
Эске сала кетсек, август айында жергиликтүү интернет провайдерлер баанын кымбатташын айтып чыккан. Алар бул кадам казак интернет операторлорунун бааны көтөрүп жатканын улам жасалып жатканын түшүндүргөн. Андан кийин эки тараптуу жолугушуу өтүп, бааны төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюлган. Анткен менен маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. Ал эми КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Казакстан Россиядан 1 мегабайт интернетти 1,5 доллардан алып, бизге 30 доллардан сатып жатканын айтып, бул "акылга сыйбас" нерсе экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0