Кыргызстандагы менчик мектептерди салыктан бошотуу сунушталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЗанятия в общеобразовательной школе
Занятия в общеобразовательной школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө мектептер тартыш. Жаңы мектептерди куруу үчүн тартылган мамлекеттик инвестиция менен гранттар кырдаалдан чыгара албай келет. Андыктан Жогорку Кеңештин депутаттары жеке инвестицияны мектептерге тартууну сунуштап жатышат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште менчик мектептерди салыктан бошотуу сунушталып жатат. Салык кодексине киргизилип жаткан түзөтүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Бул демилгени Жогорку Кеңештин 12 депутаты сунуштап, алар учурда мектептердин жетишсиздигин баса белгилешти.

"Мындай абалда бюджеттин таңкыстыгын эске алуу менен мамлекет жеңилдиктерди карап, билим берүү жаатына инвестиция тартуу боюнча чараларды көрүшү керек", — деп айтылат мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Талас көмөкчү мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кенжалы Орозалиев: бюджетти карап отурбаш керек
Демилгечилердин айтымында, салыктан бошотуу өлкөдөгү мектептердин таңкыстыгын жоюуга өбөлгө түзөт. Ошондой эле мектептерди ачып жаткан жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо катары бааланат.

Буга чейин жеке бала бакчалар салыктан бошотулган. Армениядан башка Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекеттерде жеке менчик мектептерге жеңилдиктер каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0