"Ата-мекенчилер" MegaCom боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгеледи

© Sputnik / Табылды КадырбековХод предвыборной кампании партий 2015
Ход предвыборной кампании партий 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов аталган маселени депутаттык комиссия изилдеп бир жооп айтпаса, элдин башы айланып калды деген пикирде.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Максим Бакиев, Кадыржан Батыровдун мүлкү жана MegaCom тууралуу маселени иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу эл өкүлү парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Megacom сайты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ЖК MegaCom акциясы боюнча өкмөттөн маалымат угуу демилгесин колдогон жок
Эске сала кетсек, "Вечерний Бишкек" гезити эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун Максим Бакиевге таандык болгон оффшордук компанияларда үлүшү бар экенин жазып чыккан. Аты аталган депутаттар Southfield Management Inc. компаниясынын миноритардык акционерлери экени белгиленген. Материалдын авторунун белгилешинче депутаттар өз үлүштөрүн оффшордук компаниянын "Альфа Телеком" ишканасына болгон укуктарын калыбына келтирип бергени үчүн алган.

"Фракция чукул жыйын өткөрүп, чечимге келдик. Улутташтырылган MegaCom, Кадыржан Батыровдун жана Максим Бакиевдин мүлкүн текшерүү боюнча парламенттик комиссия түзөлү. Андай кылбасак элдин башы айланып калды. Алар маселенин такталышын күтүп жатат", — деди Шыкмаматов. 

Спикер Чыныбай Турсунбеков фракция чечимин парламенттин аппаратына тапшырууну айтып, маселе караларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0