Интернеттин баасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВ России вступает в силу новый антипиратский закон
В России вступает в силу новый антипиратский закон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселени чечүү үчүн Кыргызстан менен Казакстандын интернет операторлору жолуккан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан жана Казакстан интернетке болгон бааны төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги билдирди.

Мужчина отсоединяет интернет кабель от компьютера. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин баасы деги эмне болмой болду?
Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын транзиттик операторлору Кыргызстан үчүн интернеттин баасын төмөндөтпөй турганы тууралуу кеп тараган. Социалдык тармактардын пайдалануучулары интернеттин начар сапаты тууралуу жана ылдамдыкты текшерүүчү тесттердин жыйынтыгын жарыялай башташкан. Натыйжада интернеттин ылдамдыгы операторлор айткандан кыйла төмөн экени айкын болгон.

"Кыргызстандын интернет провайдерлери Монополияга каршы агенттиги, Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги менен биргеликте казакстандык интернет операторлор менен жолугуп, тарифти төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары, мамлекеттик агенттик тарабынан Евразиялык экономикалык комиссияга абалды жөнгө салуу боюнча өтүнүч кат жолдонду", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары, "Акнет" ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, кырдаалды жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0