ЖКда салык боюнча мыйзам долбоору катуу талашка түштү

© flickr.com / Images MoneyКалькулятор жана монеталар. Архивдик сүрөт
Калькулятор жана монеталар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жер салыгы кишилердин айлык акысына негизделбеши керектигин айтып, катуу талкуулашты. 

АКШ долларлары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чыгымдар өсүп, салыктар азайды. Кыргызстан кем-карчын эптей алабы?
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Пирматов бул мыйзам долбоору кабыл алынса элге бир топ эле жеңилдик болорун айтты.

Ал өз сөзүндө өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорунда бардык үлүш жерине бирдей салык каралгандыктан өтпөй калганын белгиледи.

Эл өкүлү Мирлан Бакиров жердин салыгы айлыкка карата аныкталбашы керектигин баса белгиледи.

"Жер салыгы орточо эмгек акыга негизделбеши керек. Айлык квартал ичинде да өзгөрүп кетип жатат", — деди ал.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз жердин салыгы анын сугат же кайрак экенине карабай бирдей болуп калганын билдирди. Мисалы бир сотых жер менен бир гектар жердин салыгы айрым учурда теңелип калган.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0