Интернеттин баасы деги эмне болмой болду?

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина отсоединяет интернет кабель от компьютера. Архивное фото
Мужчина отсоединяет интернет кабель от компьютера. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттин баасы мурунку калыбына түштү деген кептин канчалык чындыгы бар, анын сапаты кандай болуп жатат, эмне үчүн операторлор мурунку тарифтик бааларды кайтарбай жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Интернеттин баасы мурунку калыбына келди деген маалымат туура. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Антимонополиялык башкаруу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз тарап бардыгы документ менен тастыкталган протоколду күтүп жатат. 

"Мен сүйлөшүүлөрдүн баарына катышкам, жолугушууда айтылгандарды гана айтып жатам. Биз өз ара түшүнүшүүгө жетиштик", — деди Казаков.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Казаков: интернеттин баасы мурунку боюнча калмай болду
Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын транзиттик операторлору Кыргызстан үчүн интернеттин баасын төмөндөтпөй турганы тууралуу кеп тараган. Социалдык тармактардын пайдалануучулары интернеттин начар сапаты тууралуу жана ылдамдыкты текшерүүчү тесттердин жыйынтыгын жарыялай башташкан. Натыйжада интернеттин ылдамдыгы операторлор айткандан кыйла төмөн экени айкын болгон.

Казаковдун айтымында, Кыргызстандын бардык эле операторлору мурунку тарифтик бааны кайтарган эмес, буга алардын казак тарап менен түзүлгөн ички келишими негиз болгон. 

"Мисалы, Megaline компаниясына сапаттуу интернет менен камсыздоо үчүн Казакстандан келген интернеттин көлөмү жол бербейт. Буга чейин алар казакстандык эки компания менен келишим түзгөн. Бир макулдашуу боюнча бааны мурунку калыбына келтирүүгө мүмкүн болсо, экинчиси боюнча азырынча бир пикирге келүү оорураак болуп турат", — деди ал. 

Казаков Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак тарап менен ар кандай шартта иштеше турганын, андыктан бааны мурунку калыбына кайтаруу маселесин ар бир провайдер жекече чечерин белгиледи.

Ноутбукта интернет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгер Казакстан провайдерлери КР үчүн интернет баасын негизсиз көтөрсө, айып салынат
"Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин кол коюлуп, бүгүнкү күнгө чейин кайра түзбөгөн келишим менен иштеген операторлордун баары мурунку баа менен иш алып барышууда. Июлдан октябрга чейин үч эсе көбөйтүлгөн баа менен келишим түзгөндөрдүн баасы бир айдын ичинде чечилет. Келишимдин мөөнөтү аяктагандар бир айга гана мурунку баага кайтышты. Жаңы тариф боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт", — деди мекеменин жетекчиси.

Казакстандын монополияны жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо комитети бул маалыматты тастыктады.

"5-октябрда Алматыда болгон жыйындын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Кыргызстандын байланыш операторлору баа боюнча ич ара бир пикирге келишти. Алар жакын арада тийиштүү келишимдерге да жазылат", — деп мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын интернет ассоциациясынын президенти Шавкат Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттарына интернеттин баасы кымбаттайт деп айткан кебин расмий билдирүү эмес экенин белгиледи. 

Телефон кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Интернетти Казакстандан башка өлкөдөн алууну караштырып жатат
"Биз коомдук уюм болгондуктан мамлекеттин же провайдерлердин атынан сүйлөй албайбыз. Болгону түзүлгөн кырдаал боюнча пикир айта алабыз. Казак провайдерлеринин Россия аркылуу силерге интернет жеткирүүдөгү чыгымдары кыйла жогорулаган. Ушуга байланыштуу баалар өсүп кетти", — деп билдирди Сабиров. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы интернетке болгон бааны жогорулатып, ылдамдыгын азайткан интернет-провайдерлерге кайрылып көрдү. 

Megaline компаниясы интернеттин ылдамдыгынын начарлашы менен тарифтик пландардын өзгөрүшүнө комментарий берүүдөн баш тартты. 

Ал эми Saima Telecom интернет-оператору чыгарылган чечимге карабастан тарифтик саясаттын өзгөрөрүн айтты.

"Себеп дегенде биздин компания тарифтик саясатын өзгөртүп жатат. Баалар мурдагыдай болот деген расмий билдирүүнү колубузга ала элекпиз. Учурда интернетти кымбаттатылган баа менен эле алып жатабыз", — деди компаниянын кызматкери.

Homeline компаниясынын өкүлү тармакка болгон жеткиликтүүлүк сапатын мурдагы калыбына келтирүүгө болгон аракеттерин кылып жаткандыктарын айтты.

Ноутбукта кино көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Интернет жай иштегени аз келгенсип эмнеге кымбаттап кетти?
"Туура. Сентябрь айынын башталышында ылдам тейлөө жагынан бизден жогору турган провайдерлердин абалынан улам артка кеткенбиз. Бирок азыр ал кемчиликтерди жоюп, элге мурдагы ылдамдыкты кайтарып берүүгө аракет кылып жатабыз. Албетте, эл интернетке жапырт кирген учурда тез интернет менен камсыз кыла албайбыз. Ал эми күндүз чектөө кылган жокпуз. Андыктан, ылдымдык жогоруда айтылган тарифтик саясаттагыдан да өйдө деңгээлде берилиши мүмкүн", — деп айтып берди компания өкүлү.

Август айынын аягында Кыргызстандын операторлору казакстандык кесиптештеринен интернеттин транзити үчүн баанын 3-4 эсе кымбаттай турганы тууралуу билдирүү алган. Ошондон бери тийиштүү органдар абалды иликтеп, казакстандык өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0