Ысык-Көл жолун оңдоого Кувейт экономикалык өнүгүү фондусу каражат бөлүшү мүмкүн

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Азия менен кызматташкан Кувейт экономикалык өнүгүү фондунун аймактык директору Юсуф Аль-Бадр менен жолукту
Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Азия менен кызматташкан Кувейт экономикалык өнүгүү фондунун аймактык директору Юсуф Аль-Бадр менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында март айында Кыргызстанга келген Кувейт экономикалык өнүгүү фондусунун делегациясы менен кыргыз тараптын кызматташуу боюнча келишимдерин ишке ашыруу талкууланган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Азия менен кызматташкан Кувейт экономикалык өнүгүү фондунун аймактык директору Юсуф Аль-Бадр менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Билдирмеге караганда эки тараптуу жолугушуунун алкагында март айында Кыргызстанга келген Кувейт экономикалык өнүгүү фондусунун делегациясы менен кыргыз тараптын кызматташуу боюнча келишимдерин ишке ашыруу талкууланган. 

"Медициналык борбор куруу жана Улуттук госпиталдын нейрохирургилык бөлүмүн жаңылоо үчүн насыялык келишимге март айында Бишкекте кол коюлган. Мындан тышкары, Балыкчы — Каракол — Балыкчы унаа жолун реконструкциялоо иштерин каржылоо мүмкүнчүлүгү менен Тамга — Каракол жогорку вольттогу электр линиясын курууга бериле турган грант маселеси талкууланды", — деп айтылат маалыматта. 

Юсуф Аль-Бадр жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо үчүн декабрь айында Кувейт экономикалык өнүгүү фондусунан атайын делегация жиберилерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0