Олег Панкратов: Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого беш жыл кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Олег Панкратовдун архивдик сүрөтү
Вице-премьер Олег Панкратовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңылоо иштери аяктагандан кийин гидростанциянын жалпы кубаттуулугу 60 мегаваттка жогорулайт.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КР өкмөтү Үч-Коргон гидроэлектростанциясын реконструкциялоо долбооруна чоң маани берет. Бул туурасында вице-премьер Олег Панкратов Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте энергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (АСКУЭ) электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүүгө жана тармактагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Андыктан "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу кеңири жайылтылууда. Жакынкы жылдары болжол менен 400 миң "акылдуу эсептегич" орнотуу пландаштырылып жатат. Мындай эсептегичтер өлкө ичинде өндүрүлмөкчү. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аталган долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр, албетте бул экономикалык жактан пайдалуу", — дейт Панкратов.

Электр линияларын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күз-кыш мезгилине кайсы энергетикалык объектилер даяр
Анын айтымында, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо өлкөнүн энергетикалык тармагы үчүн чоң мааниге ээ.

Ал ошондой эле аталган ГЭСти оңдоо жалпысынан 5 жылдык убакытты аларын, бардык иштер бүткөрүлгөн соң гидростанциянын жалпы кубаттуулугу 60 мегаваттка жогоруларын кошумчалады.

Жыйында Панкратов "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестор издөө тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0