Улуттук университетке делген 8,5 млн. сомдук медициналык жабдуу жеке компанияга өткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук университетинин имаратынын архивдик сүрөтү
Кыргыз улуттук университетинин имаратынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыяга келген жабдуу кореялык "Медисон Ко. ЛТД" компаниясы тарабынан алынган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргыз улуттук университет (КУУ) кореялык "Медисон Ко. ЛТД" компаниясы менен келишим түзүп, мыйзамсыз түрдө 8 миллион 557 миң 700 сомдук жабдууну насыяга алган. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ОсОО "ИнтерГоспиталь" ишканасы КУУ жана Билим берүү министрлигинин кийлигишүүсү менен 1997-2000-жылдары Улуттук университет менен кореялык "Медисон Ко. ЛТД" компаниясынын1998-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде аталган медициналык жабдууну алган.

"Келишимге ылайык, негизги сумма 8 миллион 557 миң 700 сом менен анын 2 840 024 сомдук үстөгү 13 жыл ичинде, тагыраагы 2004-2016-жылдар аралыгында төлөнүшү керек болгон. Бирок бул жабдуу КУУнун балансына өткөн эмес. Жабдуу "Микрохирургия глаза" ооруканасында калган", — деп жазылат маалыматта. 

Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол: Баткенде мектеп салган ишкана 5 млн. сом чукул акчаны кымырып алган
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (шылуундук) "Микрохирургия глаза" ооруканасынын директоруна жана "ИнтерГоспиталь" медициналык борборунун жетекчисине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. 

"ИнтерГоспиталь" медициналык борбору 1997-жылы КУУ алдында студенттерди жана мугалимдерди тейлөө үчүн ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0