Эгер Казакстан провайдерлери КР үчүн интернет баасын негизсиз көтөрсө, айып салынат

© AP Photo / L.G. PattersonНоутбукта интернет колдонуу. Архив
Ноутбукта интернет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү интернеттин тарифи эмнеге кымбаттаганына кызыгып, казак кесиптештерине кайрылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЕЭКтин атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министри) Нурлан Алдабергеновду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Интернетте иштөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ассоциация: Казакстан интернеттин баасын төмөндөткөн жок
Жолугушууда интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы рыноктордун өз ара иштешүүсүнүн принциптери, анын катарында интернет тейлөөгө тарифтер боюнча маселе талкууланды. ЕЭК министри Алдабергенов маалымдагандай, комиссия кыргыз тараптын Казакстан провайдерлеринин интернеттин баасын жогорулатуусуна байланыштуу кайрылуусун кароодо.

Эгер бааларды негизсиз жогорулатуу аныкталса айып салынарын ал билдирди.

"Октябрдын биринчи декадасында Алматы шаарында эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана интернет провайдерлеринин катышуусунда жыйын өтөрүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Казаков интернеттин дүйнөлүк баалары да төмөндөп жатканын айтып, Россия деле казакстандык интернет провайдерлерге бааларды көтөрбөгөнүн кошумчалаган. Россиядан Казакстанга бир мегабит үчүн баа болжол менен 1-1,5 АКШ долларын түзөт.

Өкмөт башчы Жээнбеков интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрү үчүн интернет тейлөөгө карата макулдашкан баа болушу тийиш экенин билдирди.

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы жалпыга бирдиктүү эреже сакталганда гана өнүгүүсү мүмкүн", – дейт өкмөт башчы. 

Ноутбук менен окуп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы айыл мектептерин интернет менен камсыз кылууну тапшырды
14-сентябрында Жээнбеков бул маселеге кайрылган. Ал Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршембиевге жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттиктин директору Болсунбек Казаковго тапшырма берген. Анда альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгүн кароо аркылуу интернеттин баасына байланыштуу маселени чечүү процессин тездетүүнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0