Бишкекте "Сары-Өзөн" базары ишке кирди

Жазылуу
Учурда 300дөн ашык орун ижарага берилди. Соодагерлердин көпчүлүгү "Дыйкан" базарынан көчүп келишкен.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте жашылчаны дүң жана чекене баада саткан "Сары-Өзөн" базары ишке киргендиги тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда базардын ачылышына Биринчи Май районунун башчысы Аскербек Алиев катышкан. 

"Соода аймагында сатуучулар менен кардарларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди. Айдоочулар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар дайындалды. Ал эми базардагы тартип райондук администрация тарабынан көзөмөлгө алынат", — деп билдирген Алиев.

Учурда 300дөн ашык орун ижарага берилген. Соодагерлердин көпчүлүгү "Дыйкан" базарынан көчүп келишкен. 

"Сары-Өзөн" базары Фучик көчөсү менен кесилишкен Клубный, 14 А дарегинде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0