ЕЭК Кыргызстанды бажыдагы кош көзөмөл боюнча күнөөлүү деп тапты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБажы көзөмөл пункту, архивдик сүрөт
Бажы көзөмөл пункту, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиясынын 27-сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиясы Бажы биримдигине мүчө болгон мамлекеттер арасындагы соода-сатыкты жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиясынын 27-сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынган. 

Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты
"Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү тарабынан чек ара аймагынан өткөн товарларды кошумча текшерүү зарылдыгы тууралуу токтом кабыл алынган. Анда талонго товардын баасы, салмагы, валютанын аталышы, товардын коду жана жүктү жөнөтүүчү менен алармандын маалыматтары көрсөтүлүүсү керектиги жазылган. Бирок мындай маалыматтар Бажы биримдигинин бажы кодексине ылайык товарларды декларациялоо учурунда дагы көрсөтүлөт. Буга байланыштуу Кыргызстан тараптын кошумча текшерүүсүн жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Муну менен катар чек арачылар талондо көрсөтүлгөн товардын аныктыгын текшерүүгө алууга укуктуу. Бул бажы көзөмөлүн жүргүзүүгө барабар", — деп айтылат маалыматта. 

Кош көзөмөл Бажы биримдигине кирген өлкөлөр арасындагы соода-сатыкка тоскоолдук жаратып келет. Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда түзүлгөн келишимге дал келбей тургандыгы айтылат. 

Евразия экономикалык комиссиясы 10 күндүн ичинде кабыл алынган чечимди аткарып баштоону сунуштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0