Абдылдаев: Борбор Азиядагы энергетикалык жана суу байлыктары адилетсиз пайдаланылууда

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтер боюнча долбоору ишке ашып калса, Борбор Азиянын энергия боюнча муктаждыгын толугу менен жаап, аймактын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзмөк.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында Борбор Азиядагы учурдагы суу-энергетика жаатындагы абал Кыргызстанга пайдалуу эместигин айтты.

Министрдин БУУда чыгып сүйлөгөн сөзү аталган уюмдун порталында толугу менен жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп аткан кезде - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев БУУга Көчмөндөр оюндарын дайыма колдоп турууну сунуштады
Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын каскады өлкөнүн биринчи орундагы, маанилүү маселелеринин бири. Бул долбоордун ишке ашышы менен өлкө экологиялык жактан таза продукцияга ээ болуп, өлкөнүн муктаждыгын жаап, андан сырткары экспорт көлөмүн толтура алат. Мындай максат Тажикстандын алдында да турат. Эки республика тең Борбор Азияда суунун башында турат, бул жерде башка өлкөлөрдүн аймагына суулар агып кетет. Ал эми өлкөлөр бул артыкчылыкты пайдалануу ниетинде. Анткен менен суунун этегинде турган өлкөлөр, анын ичинен өзгөчө Өзбекстан, сугат суу боюнча түйшөлгөндүктөн, долбоорлорго каршы чыгып келет.

"Борбор Азиядагы суу-энергетикалык маселе өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Баарыбызга белгилүү болгондой, СССРдин кулашынан кийин аймакта дезинтеграциялык абал башталган. Энергетикалык жана суу байлыктарын макулдашуунун негизинде өз ара алмашуу тартиби бузулган. Кыргызстан коңшулардан алынган энерго ресурстардын баасы өскөндүгүнө карабастан, башка өлкөлөргө бере турган сууну топтоону жыл сайын улантып келген. Тагыраагы, бирөө чогултуп, экинчиси пайдаланган абал жаралган",— деди Абдылдаев.

Анын айтымында, мындай шартта республика таза жана баасы кымбат эмес электр кубатын өзүнүн ГЭСинде иштеп чыгууга мажбур болгон. Мындай жол элди жылуулук жана жарык менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүп берет. 

Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСин куруудагы зыян үчүн төлөнүүчү компенсация 70 млн. сомго жогорулады
"Бизде алиге чейин электр кубаты тартыш, бул өзгөчө кышында катуу байкалат. Суунун башында туруп Кыргызстан болгон мамилелерден да сууну топтоп берүүдөн жана суу байлыктарын топтоодон тиешелүү экономикалык компенсациясын албай келет. Бул аймак үчүн бир топ эле мааниге ээ болмок", — деп билдирди Абдылдаев.

Буга байланыштуу Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттери суу жана энергетикалык байлыктарды комплекстүү колдонуу деген түшүнүк боюнча бирдиктүү пикирге келиши шарт.

"Бүгүн аймакта экономикалык таза электр кубатына өтүү боюнча жакшы потенциал бар. Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтерди куруу долбоорлору ишке ашса Борбор Азия мамлекеттери электр кубаты менен толук камсыздалып жана аймактын өнүгүшү үчүн жакшы шарттарды түзмөк. Бул арзан жана таза энергия жаатындагы БУУнун турукуу өнүгүү боюнча жетинчи максатына толугу менен жооп берет эле", — деп билдирди Абдылдаев.

Ал мындан сырткары глобалдуу жылуулуктан улам 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 30-40 пайызы эрий тургандыгын билдирди. Министр буга карата Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга камынгандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0