Улуттук банк: сом менен акча салган аманатчылар көбөйдү

© AFP / MAHMUD TURKIAАкча эсептөөчү машина. Архивдик сүрөт
Акча эсептөөчү машина. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип жыл башында депозиттер 99,4 миллиард сом болсо, июль айында 101,2 миллиард сомго жеткен.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жети айынын ичинде доллар менен акча салган аманатчылардын саны азайса, улуттук валютадагы депозиттер көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында кабарланды. 

Өткөн айдын соңунда долларды колдонуу азайган. Бул көрүнүш ипотекалык насыяны сомго трансформациялоодон жана доллар займдарын берүүгө тыюу салуудан улам болгон. 

Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк шаршемби күнү 6,8 млн. доллар сатып алды
Ал эми 2-апрелде өкмөттүн товарлар жана кызматтар бир гана сом менен көрсөтүлсүн деген токтому күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, өлкө ичиндеги бүтүмдөр улуттук валюта менен болушу керек. 

Сом депозиттери жыл башында 32,9 миллиард сом болсо, июль айында 46 миллиардга жетти. Ал эми орточо чен болсо 0,12 пайызды түзүп, 4,69 болду. 

Чет элдик валютада болсо аманаттардын көлөмү 66,5 миллиарддан 55,1 миллиард сомго азайган. Чен 0,3 пайызга арзандап, 3,04тү түздү. 

Ошентип жыл башында депозиттер 99,4 миллиард сом болсо, июль айында 101,2 миллиард сомго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0