Казакстан Кыргызстандан алган электр энергиясын кайтара баштады

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР жайында коңшу өлкөгө электр энергиясын экспорттогон. Ал эми 15-сентябрдан баштап Казакстан карызын төлөй баштады.

БИШКЕК, 15–сен. — Sputnik. Казакстан жай айында Кыргызстандан алган электр энергиясын кайтарып бере баштады. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык Холдинг" ишканасынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Август айында түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстан коңшу өлкөгө саатына 200 миллион киловатт энергия экспорттогон.

Шарт боюнча 15-сентябрдан 10-октябрга чейин Казакстан ушул эле көлөмдөгү энергияны кайтарып бериши керек.

"Бүгүн саат 5тен баштап карыз кайтарыла баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул тууралуу кошумча маалымат бериле турганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0