Депутат: Токтогул ГЭСинде суу көбөйдү, электр энергияны арзандатуу керек

Жазылуу
Эл өкүлү Махабат Мавлянованын айтымында, учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 17,3 миллиард кубга жетти.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Токтогул ГЭСинде суу көбөйдү, демек электр энергияны арзандатуу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Махабат Мавлянова парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 17,3 миллиард кубга жетти.

"Өткөн жылы кургакчылыкка байланыштуу Токтогул ГЭСинде суу азайган. Ошондон улам электр энергияга болгон баа көтөрүлгөн эле. Учурда айыл чарба продукциясы кымбаттап, жумушсуздук маселеси курчуп турат. Ал эми Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү көбөйүп, 17,3 миллиард кубка жетти. Бул мурунку деңгээлдин көрсөткүчү. Ошондуктан электр энергияга болгон бааны төмөндөтүү керек", — деди Мавлянова. 

Ал аталган меселени шайлоочулар кабыргасынан койгондугун кошумчалады. Учурда Жогорку Кеңеште депутаттардын отуруму уланып, ар кыл маселелер каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0