Тигүүчүлөр кантип байып жатышат? Дил маек

Жазылуу
Улуттук статкомитеттин жеңил өнөр жай боюнча чыгарган жыйынтыгын көрүп, атынып өлгүң келет. Бирок заказдын көптүгүнөн Sputnik кабарчысы Асел Минбаева менен маектешкенге араң убактыт тапкан ишкерлер да бар экен.

Расмий статистика ата мекендик кийим тигүү тармагы оор күндөрдү кечирип жатканы айтылат. 2016-жылдын биринчи жарымында россиялыктар жана казактарга кийим-кече былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 эсе аз сатылыптыр. 

Эгер мурда КМШ өлкөлөрүнө кийим сатуудан түшкөн киреше жарым жылда 40 миллион доллардан ашса, эми бул сан 1,4 миллионго чейин кыскарган.

ЖИА жеңил өнөр жай комитетинин башчысы Амир Закировун айтымында, аталган тармак ишинин төмөндөшүнүн башкы себеби теңге менен рублдун сомго карата арзандап кетиши болду. 

"Сом башкалардан туруктуу валюта болгон үчүн коңшу өлкөлөрдүн ишкерлерине Кыргызстандан көйнөк-кече сатып алуу өтө кымбатка туруп калды", — деди ал.

Андан тышкары, Закировдун сөзүнө караганда КМШ аймагында айымдарга дүйнөлүк каатчылык да таасир эткен. Ошентсе да көпчүлүктүн башына түшкөн мындай кыйынчылык айрым кыргызстандык ишкерлер үчүн киреше таап, өрчүп-өскөнгө эч тоскоол болгон жок. 

Жаннат Каримованын ийгилик сыры: интернет рынокторунда акча бар жана түртүшмөй жок

Guka Jalie тигүү ишканасынын жетекчиси анда "өлүк сезон" болбой турганын айтып, цехи КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн заказдарга толуп турганын белгилейт. 

"90-жылдары кийим тигүүчүлөрдүн ишенгени "Дордой" гана болчу. Биз бул жол жакшы жакка алып барбасын убагында түшүнүп, интернет аркылуу ишибизди өнүктүрө баштадык, байланыш борборун түзүп, кардарларды тейлөө стандарттарын иштеп чыктык",— дейт Каримова. 

Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмне эксең ошону аласың. Кыргыз фермерлери кайсы азык-түлүккө басым жасашты?
Сатуунун технологиялык рыногунан тышкары, прогресс көйнөк-шымдарды даярдоо процессинин өзүн да өзгөрттү. Мисалы эми кездемени бычмач аял кайчы менен эмес, компьютер бычат. 

"Мурда кечке эле жип-шуусу чубалган бир юбканы тиге берүүгө болот эле. Эми кардарлар көрүнгөн эле нерсеге акча короткусу келбейт", — деп белгиледи ал.

Ошону менен катар Каримова Кыргызстандын рыногуна азырынча иштегиси келбейт. Анын айтымында, бул жерден чыккан кийим-кечени эл дагы эле бир сапатсыз буюм көрөт. Ошон үчүн Кыргызстанда соода кылуу аракеттери ийгилик алып келе элек. 

"Чынында мен андай ойго макул эмесмин. Биз чыгарган кийимдер түрк, белорус трикотажы менен атаандашып турат. Азыр Бишкек сапаты жогору кийимдерди чыгарат. Биз кездеме, керектүү каражат, фурнитура чыгаруучу фабрикалар менен байланыштарды жөнгө салуудабыз. Бул жөн эле бир эптеп көпчүлүккө боло берет деп тигилген кийимдердин рыногу эмес", — деп баса белгилейт ишкер айым. 

Эльгиза Бекенованын ийгилик сыры: мода көргөзмөсүндөй эле, бирок баалар жүрөктү түшүрбөйт

"Yummy!" кийим брендинин негиздөөчүсү Эльгиза Бекенова жөн гана ээн турган жайды ээледим дейт.

"Кыргызстанда улам жаңы чыккан модага карап кийинген сулуу аялдар көп. Бирок буга чейин дүкөндөрдө сапаты начар кийимдер сатылып же белгилүү бренддердин кийимдери үч эсе кымбат турчу", — дейт Бекенова.

Фрунзедеги автоунаа чогултуу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң ири заводдор эмне болду?
Анын айтымында, бренддин башкы принциби — товардын сапатына таасир этпей турган нерселерден акча арттырып, башкысы, товар кардардын чөнтөгүнө ылайык болгудай кылуу. Бекенова ашык чарчы метрдин ижарасы үчүн акча коротпоюн деп өзүнүн жеке иш ордун да уюштуруп алган. 

"Кыргызстанда чыккан нерсе кымбат болбошу керек. Биз мунай өндүрүүчү өлкө эмеспиз, табияттын эсебинен көп киреше тапкан жерибиз жок. Биздин өлкөдө эл өзү акча табат, демек аны сарамжалдуу коротсом дейт", — деди ал.

Татьяна Сергиенконун ийгилик сыры: көйнөк кийим илгич эмес, айымдар үчүн!

Odejda.kg интернет дүкөнүнүн директору Татьяна Сергиенко экономикалык каатчылык анча сезилбей, компания чоң жоготуулардан оолак болгонун белгилейт. 

"Биз өз убагында интернетке өтүп кеттик. Россиялыктар "Дордойго" барып, керектүүсүн тандоого убактысын да, акчасын да короткулары келбейт, эми мунун баарын алар онлайн түрүндө жасап жатат", — деди Татьяна Сергиенко. 

Бирок ишкер айымдын айтымына караганда "made in kg" белгиси бар кийимдин башкы артыкчылыгы — анын туура тандалган ченеми жана үлгүсү болуп чыккан. 

"Кантсе да, кытай кийимдери бою жапыз, кичинекей кыздарга ченеп тигилген. КМШ өлкөлөрүндө аялдар бойлуу, толмоч келет. Биз дал ошолордун табитине ылайык келгидей чоң өлчөмдөгү кийимдерди даярдайбыз", — деп баса белгилейт Сергиенко.

Кажыбас кайратты тигүүчүлөр кайдан алат?

КРин "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөновдун айтымына караганда кыргызстандык тигүүчүлөр Кыргызстандын ЕАЭБге киришинен чоң пайда көрүп жатат.

Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты
"Өлкө биримдикке кошулгандан кийин КРге четтен келчү кездеменин баасы болгону 7-8 пайыз гана кымбаттады. Бирок ошол эле учурда чек арадагы бажы процедуралары жоюлуп, Россияга товар жеткирүү мөөнөтү бир күнгө кыскарды" — деди Төлөгөнов. 

Анын айтымында, товар ташуучулар Кыргызстандан Россияга жеткирүүнүн баасын 50 пайызга кыскартышты. 

ЖИА жеңил өнөр жай комитетинин жетекчиси Амир Закиров КМШ өлкөлөрүнүн кардарлары рынокко караганда тармактык дүкөндөргө көбүрөөк ыктап калганын, бирок кыргызстандык товарлар ал жакта жокко эсе экенин айтты.

"Биз азырынча буга технологиялык жактан даяр эмеспиз. Бизде сапат, мөөнөт, тейлөө жагынан көйгөйлөр бар", — деп өкүнөт Закиров. 

Ал кардарларга карата тигүүчүлөрдүн мамилесин да өзгөртүш керек дейт. Кыргызстандагы тигүү цехтери заказ бергендердин өзүн бычуу үлгүлөрүн, кездеме-фурнитураларын алып келип бер дешет, бирок мындай иш ыкмасы азыр актуалдуу болбой калган.

"Кардарды жылуу-жумшак тосуп алып, жайлуу жерге отургузуп, өзүнө тартуу үчүн кийим көргөзмөсүн уюштуруп, түрдүү үлгүлөрүн сунушташ керек. Бизде болсо азырынча андай жок", — деп сөзүн жыйынтыктады Закиров.

Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча тигүү тармагы ар бир үчүнчү кыргызстандыкты иш орду менен камсыз кыла алат, себеби бизден чыккан кийим-кеченин КМШ өлкөлөрүндө да, Европада да келечеги чоң.

Жаңылыктар түрмөгү
0