Мигранттар 7 ай ичинде 1 млр. доллардан ашык акча жөнөткөн

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул былтыркага караганда 60 миллионго көп экенин көрсөтүп турат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Мигранттар үстүбүздөгү жылдын жети айынын аралыгында Кыргызстанга 1 миллиард 25,6 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайты кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жети айында бул көрсөткүч 966,8 миллион доллар болгон. 

"Каражаттын көпчүлүгү Россиядан которулган. Ал эми 1,5 миллион доллар Казактстандан, 30 миллион доллар башка чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн. Мындан сырткары, 190 миллион доллар Кыргызстандан Россияга которулган", — деп айтылат маалыматта. 

Адистер мигранттардын акча салуусунун көбөйүшүн өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен түшүндүрүүдө. Алардын айтымында, биримдикке кирүү менен кыргызстандыктардын жумушка кирүү маселеси жеңилдеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0