Өкмөт бюджет боюнча мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна киргизди

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз айнек жана монеталар. Архив
Көз айнек жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет боюнча комитети карайт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Өкмөт республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна жөнөткөндүгү тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда аталган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан бүгүн, 5-сентябрь күнү каралат. 

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү
Финансы министри Адылбек Касымалиев долбоордун баяндамачысы болуп эсептелет. 

Долбоорго ылайык, 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 126,7 миллиард сомду түзөт, бул быйылкыга караганда 2,3 миллиардга көп. Чыгашанын да көлөмү 3 миллиардга көп болуп, 149,9 миллиард сомго жетет. Дефициттин көлөмү 800 миллион сомго көбөйүп, 23,3 миллиард сомду түзөт. Ал тышкы булактын эсебинен жабылмакчы.

Ал эми мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы чыгым 4 миллиард сомго (анын ичинде мамлекеттик аппаратка 400 миллион сомдон ашык), күч түзүмдөрүнө 600 миллион жана социалдык тармакка болжол менен 3,5 миллиард сомго көбөйгөн. Ошону менен катар чыныгы секторго чыгым дээрлик 4,2 миллиард сомго кыскарып, 47,3 миллиард сомго жакын каражатты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0