Мамлекеттик каттоо кызматы 54 млн. сомго принтер сатып алмай болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПринтер жана монитор. Архив
Принтер жана монитор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 2-сентябрь күнү жарыяланып, мөөнөтү 23-сентябрда аяктайт.

БИШКЕК, 3-сент. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы ID1 форматында документтерди электрондук түрдө лазердик технологиянын жардамы менен басып чыгаруучу принтер сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда принтерди сатып алуу үчүн ведомство 54 миллион 616 миң сом жумшоого даяр.

Тендер 2-сентябрь күнү жарыяланып, мөөнөтү 23-сентябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0