Улуттук банк күздү 10 млн доллар сатуу менен баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар жана сом валюталары. Архив
Доллар жана сом валюталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери башкы банк валюта базарына 131 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Улуттук банк бейшемби күнү валюта базарына 9,95 миллион доллар сатканын мекеменин сайтына жарыяланды.

Доллардын расмий курсу кечээкиге салыштырмалуу өзгөрбөстөн 68,9 сомдун чегинде турат. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк 131,1 миллион доллар сатып, 175,1 миллион доллар сатып алган. 

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы интервенцияга ар кандай себептер менен барат, анын ичине валюта курсун турукташтыруу да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0