Багбан: Россияга ташып кеткен соодагер аз, Баткенде жашылча-жемиш абдан арзан

© Фото / Улан МаккамбаевЖергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева. Архив
Жергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Баткендин атактуу өрүгү даярдалып кургатылгандан кийин килосу 150-200 сомдон соодаланып жатат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева айтып берди.

© Фото / Улан МаккамбаевМөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.
Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.
© Фото / Улан МаккамбаевОш — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган.
Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган.
© Фото / Улан МаккамбаевАнда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.
Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.
© Фото / Улан МаккамбаевЖол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.
Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.
1/4
Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.
2/4
Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган.
3/4
Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.
4/4
Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.

Работа тепличного комбината в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Күз жакындаса да помидордун баасы эмнеге түшпөйт?
Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган. Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.

Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.

"Россияга ташып кетүүчү соодагерлер аз келгендиктен, быйыл өстүрүп алган мөмө-жемиштерибизди эки эсе арзан сатууга туура келип жатат. Маселен, былтыр шабдаалынын килограммын дүңүнөн 30 сомдон сатсак, быйыл араң 10-15 сомго жетти", — деди Бобоева.

Былтыр килограммы 300-500 сомдон сатылып келген Баткендин атактуу өрүгү килосу учурда 150-200 сомдон соодаланып жатат.

Ал калган жер-жемиштердин быйылкы наркы да ушундай эле абалда экендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0