Жыл башынан бери былтыркыга караганда 10 млрд. сомго ашык салык чогултулду

Жазылуу
Июль айында 5 миллиард 204,5 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, белгиленген план 102,5 пайызга аткарылган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 36 миллиард 267,6 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миллиард 109,4 миллион сомго же 38,5 пайызга көп көрсөткүч.

Июль айында 5 миллиард 204,5 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, белгиленген план 102,5 пайызга аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0