Мигранттар биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга 850 млн. доллар которушту

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары жана Россия рубли. Архив
АКШ долларлары жана Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу быйыл 50 миллион долларга көп каражат которулган. Каражаттын көлөмүнүн көбөйүшүн адистер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргендигине байланыштырып келишет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чет жердеги мигранттар үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 846,1 миллион доллар которушкандыгы тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

Президент Алмазбек Атамбаев жана Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Путинден "кара тизмеден" 120 миңдей КР жаранын чыгарууну өтүндү
Өткөн жылдын январь-июнь аралыгында мигранттар Кыргызстанга 792,7 миллион доллар которушкан.

Улуттук банктын маалыматына караганда дээрлик каражаттын бардыгын Россиядагы мигранттар жиберишкен. Казакстандан — 1,2 миллион жана алыскы чет элдик мамлекеттерден — 25,7 миллион доллар которулган.

Буга чейин адистер акча которуулардын көбөйүшү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кириши менен байланыштырып келишкен. Себеби кыргызстандыктардын жумушка орношуусу жеңилдеп, расмий маяна алууга жол ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0