Чаткалдагы "Куру-Тегерек" кенинен эмки жылы алтын жана жез казыла баштайт

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Куру-Тегерек" алтын жана жез кенин кытайлык "Кичи-Чаарат" ишканасы иштетет.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Чаткалдагы "Куру-Тегерек" кенинен 2017-жылдын аягында алтын жана жез казыла баштай турганын Тоо-кен металлургия кесиптик биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы "Куру-Тегерек" алтын жана жез кенин кытайлык "Кичи-Чаарат" ишканасы иликтеп келет. 

"Учурда аталган кенди чалгындоо иштери жүрүп жатат. Учурда ишканада 400 жергиликтүү тургун жана 400 кытайлык жаран иштейт. Ал эми компания кенди казып алуу иштерин 2017-жылдын IV кварталында баштайт", — деп айтылат маалыматта. 

"Куру-Тегерек" кенинде 98 тонна алтындын, 370 миң тонна жездин жана бир канча тонна күмүштүн запасы бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0