Centerra Gold Inc. Түркиядагы алтын кенин иштетүү үчүн 75 миллион насыя алды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүБульдозер. Архивное фото
Бульдозер. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражатты Centerra Gold Inc. компаниясы Оксут алтын кенин иштетүүгө жумшайт. Кенди иштетүүгө жалпысынан 220 миллион доллар талап кылынат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясына 75 миллион доллар насыя берет. Аталган каражатты компания Түркиядагы Оксут алтын кенин иштетүүгө жумшайт. Бул тууралуу компаниянын расмий сайты билдирди. 

Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Cameco Канада тарабынан 2,1 млрд. доллар салыкты жашырган деп айыпталууда
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде UniCredit Bank AG банкы менен Centerra Gold Inc. компаниясы келишимге кол койгон. Ага ылайык, аталган банк компанияга 150 миллион доллар инвестиция кылуусу керек эле. Ал эми Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы бөлгөн насыя аталган сумманын ичине (150 миллион доллар) кирет. Каражаттын жарымын бөлүп берүү боюнча макулдашууга 12-августта кол коюлган. 

Бөлүнгөн каражатты Centerra Gold Inc. компаниясы Оксут алтын кенин иштетүүгө жумшайт. Кенди иштетүүгө жалпысынан 220 миллион доллар талап кылынат. 

Cameco компаниясынын 1992-2003-жылдары "Кумтөрдө" үлүшү болгон. 2009-жылдан тарта туунду Centerra Gold Inc. компаниясы аркылуу үлүшкө болгон ээлигин камсыздап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0