БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койгондугун аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү Баткен облусунун ишкерлери менен жолугушуу өткөргөн.
"Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев, орун басары Алишер Абдрахманов, ОКӨФтин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Владимир Некрасовдор катышкан жолугушуунун жүрүшүндө фонддун өкүлдөрү ОКӨФтин ишмердүүлүгү жана стратегиялык максаттары жөнүндө айтып берди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, облустун ишкерлери бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча толук маалымат алышты.