Аудит: Социалдык өнүгүү министрлиги 22 млн. сомду туура эмес пайдаланган

Жазылуу
Эсеп палатасы бардык маалыматты Башкы прокуратурага жөнөттү.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жыл үчүн ишмердигин текшерүү учурунда мекеме 22,4 миллион сомду туура эмес пайдаланганын Эсеп палатасы билдирди.

Мындан тышкары, 3,7 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуулар жана 4,2 миллион сомдук жоготуулар аныкталган.

"Долбоорлордун максаты ишке ашкан эмес. Мамлекеттик социалдык тапшырыкты аткаруу үчүн бюджеттен бөлүнгөн 22,4 миллион сом максатсыз пайдаланылган", — деп айтылат маалыматта.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсеп палатасы министрликке аныкталган кемчиликтерди жоюуну сунуштап, бардык маалыматты Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0