23:08 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл коллекциялык күмүш монетасы

Улуттук банк коллекциялык күмүш тыйындарды сатыкка чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

Монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Улуттук банк бүгүнтөн тарта "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш монеталарынын жүгүртүүгө чыгарат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тыйындар Улуттук банк тарабынан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына байланыштуу маанилүү тарыхый окуяларды кеңири таанытуу жана өнүктүрүү максатында чыгарылган", — деп билдирди маалымат кызматы.

  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коллекциялык күмүш монетасы
    "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш монетасы
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл коллекциялык күмүш монетасы
    "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" коллекциялык күмүш монетасы
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш монетасы

"Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" монетасынын алдыңкы бетине түшүрүлгөн боз үйдүн түндүгү ортосунда туш-тушка чачырап тийген күн нурунун алкагында канатын кере жайган бүркүттүн элеси кыргыз мамлекетинин жана элдердин эркиндигин даңазалайт. Монетанын арт жагында "25" саны жайгашкан. Монетанын кырында тегерете "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл/ Независимой Кыргызской Республике — 25 лет" жазуулары түшүрүлгөн. Анын салмагы 31,10 граммды түзөт.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" монетасынын алдыңкы бетинде көчмөндөр оюндарынан сюжеттер чагылдырылган. Монетанын чок ортосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн. Монетанын кырын тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/ World Nomad Games" жазуусу бар. Тыйындын салмагы 31,10 граммды түзөт. 

Маалымат кызматы 10 сомдук монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ экендигин билдирди. Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынган.

Тема боюнча

Эгемендүүлүккө жана Көчмөндөр оюнуна карата күмүш тыйындар чыкты
Белгилер:
монета, тыйын, Банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ