Улуттук банк 11,2 миллион доллар сатты

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар жана сом валютасы. Архив
Доллар жана сом валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын соңунан баштап доллар кымбаттай баштады. Анын баасы бейшемби күнү акча алмаштыруучу жайларда 69 сомдук чектен ашты.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү Улуттук банк 11,2 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Муну менен жыл ичинде 117 миллион 430 миң доллар сатылган.

Июль айынын соңунан баштап доллар кымбаттай баштады. Анын баасы бейшемби күнү акча алмаштыруучу жайларда 69 сомдук чектен ашты.

Улуттук банк бир гана сатуу жүргүзбөстөн, сатып алууларды да аткарган. Жыл ичинде башкы банк аркылуу 168, 32 миллон доллар сатып алынган. 

Америка валютасынын андан ары көтөрүлүшүнө негиз барбы же ал кайра арзандайбы? Бул жөнүндө эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0