ЕАӨБ: Кыргызстанда 5 млн. долларга жеткен гранттан чочулап турушат

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду билим берүү, азык-түлүк өнөр жайы жана башка тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга грант жарыялады.

САРЫ-ОЙ, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар беш миллион долларга чукул грант алуудан чочулап турушарын Евразиялык өнүгүү банкынын (ЕАӨБ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Серик Примбетов Ысык-Көлдө өтүп жаткан тегерек столдо билдирди.

Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз - Sputnik Кыргызстан
Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз
Анын айтымында, жакында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду билим берүү, азык-түлүк өнөр жайы жана башка тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга грант жарыялаган. Көлөмү 500 миңден 1,5 миллион долларга чейин, ал эми долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү — бир жарым жыл. Андан узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн банк 2 миллиондон 5 миллион долларга чейин каражат бөлүүгө даяр.

"Мен кечээ вице-премьер Гүлмира Кудайбергенова жана президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков менен кыргызстандыктардын арыз берүүсүнүн зарылдыгы тууралуу сүйлөштүм. Арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 30 сентябрь, бирок азырынча бир да арыз түшө элек", — деди Примбетов.

Банктын өкүлү каражаттын жалпы көлөмү 9 миллион доллар экенин белгиледи. Бул акча Кыргызстан, Тажикстан жана Армениядагы мыкты долбоорлорду каржылоого жумшалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0