Акыркы беш күндө доллар 1,5 сомго көтөрүлдү

Жазылуу
Бүгүн акча алмаштыруу жайлары бир долларды 68,6 сомдон сатып алып, 68,7 сомдон сатууда.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акыркы беш күндө доллар 1,5 сомго көтөрүлгөнүн акча алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүн акча алмаштыруу жайлары бир долларды 68,6 сомдон сатып алып, кайра 68,7 сомдон сатууда.

"Төрт-беш күн мурда бир долларды 67,05 сомдон алып, 67,15 сомдон сатып жатканбыз. Доллардын кымбатташы анын теңге менен рублга болгон наркынын көтөрүлүшүнө байланыштуу. Башка бир себеп, быйыл бизге туристтер көп келген жок, мындан улам чет элдик валюта аз болуп жатат", — дейт ал.

Анын айтымында, доллардын курсу анын рубль менен менен теңгеге болгон катышына жана нефтинин баасына жараша өзгөрөт.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, доллар 29-июлдан тарта кымбаттап, 47 тыйынга жогорулаган. Шаршемби күнү Улуттук банк бир АКШ долларынын баасын 68,1 сом деп белгиледи.

Жыл башынан бери доллардын, евронун, рублдин жана теңгенин курсу сомго карата кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстандын инфографикасынын көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0