Матрезерв фонду жергиликтүү дыйкандардан буудай сатып ала баштайт

Жазылуу
Буудайдын курамындагы жабышчаактыгы 23 пайыздан кем болбошу керек. Учурда бардык дан кабыл алуу пункттары буудай алууга даяр.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта атамекендик дыйкандардан буудай сатып ала баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сатып алуулар Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан бекитилген квотага жана Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык жүргүзүлөт. 

"Мында жабышчаактыгы 23 пайыздан кем болбогон үчүнчү класстын талабына жооп берген 2016-жылдын буудайы болушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Буудайларды республиканын бардык аймактарында дан даярдоочу такай иштеген пункттар сатып алат. Учурда Нарын жана Каракол шаарларында убактылуу пункттар уюштурулган. Бүгүнкү күнгө карата бардык дан кабыл алуу пункттары буудай алууга даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0