Кен иштетүү боюнча КМШ кеңешинин мааракелик сессиясы Ысык-Көлдө өтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКен иштетүү. Архив
Кен иштетүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече мамлекеттен келген адистер акыркы эки жыл аралыгында жасалган иштерди жыйынтыктап, доклад угушат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн кен иштетүү боюнча өкмөт аралык ХХ сессиясы өтө турганын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Тоо-кен иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө токтоп турган тоо-кен компанияларына өндүрүштү жолго салуу талабы коюлат
Жыйын 3-4-августка белгиленген. 2017-жылга чейин кеңешке Кыргызстан төрагалык кылат. 

Кеңешке Кыргызстан, Молдова, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана КМШнын аткаруу комитетинин мүчөлөрү жана эксперттери катышат. 

Мында адистер акыркы эки жыл аралыгында жасалган иштерди жыйынтыктап, доклад угушат. Андан тышкары, чет жактан келген меймандар Кыргызстандын табияты жана маданияты менен таанышып чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0