Centerra "Кыргызалтындын" эсебине 14 млн. долларды дивиденд түрүндө которду

© AFP / MAHMUD TURKIAАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы бардык акцияларын камактан чыгарган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Кыргызалтын" ишканасынын эсебине Centerra Gold Inc. тарабынан 14,3 миллион доллар дивиденд түрүндө которулганын ишкананын маалымат кызматы билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту "Кыргызалтын" ишканасынын Centerra Gold Inc. компаниясындагы бардык акцияларын камактан чыгарган (11,25 миллион даана).

"2016-жылдын 26-июлунда "Кыргызалтындын" эсебине дивиденд түрүндө 14 миллион 280,1 миң доллар түштү", — деп айтылат маалыматта. 

Вывеска банка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Банкрот болгон банктар аманатчыларга 200 миң сомдон бермей болду
Буга чейин (2011чи жана 2014-жылдары) төрт компания — "Манас Банк" ЖАКтын акционерлери, В. Белоконь, түрктөрдүн Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi, Stans Energy Corp компаниясы жана Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc. компаниясы Онтарионун жогорку сотуна кайрылган. Алар Кыргызстандын эл аралык арбитраждык чечимдерди аткаруусун талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0