Коргоо министрлиги дээрлик 15 млн. сомго көмүр сатып алганы жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүрдү жүктөө. Архив
Көмүрдү жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 22-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 12-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталына Кыргызстандын Коргоо министрлиги көмүр сатып алууга тендер жарыялады.

Маалыматка караганда Коргоо министрлиги көмүрдү 14 миллион 522 миң 900 сомго сатып алууну көздөп жатат. Алынган кара алтын өлкөнүн түндүгүндөгү аскер бөлүктөрүнө каралат. 

Тендер 22-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 12-августунда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0