Кыргыз сарымсагы менен калемпири Россияга жума сайын ташылмай болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги кардарлар. Архив
Супермаркеттеги кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач сабиз жеткирилди, эми сарымсак менен калемпирди ташып чыгаруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы дыйкан чарбаларынын бири айыл чарба азыктарын дүңүнөн сатып алган Россиянын ири компаниясы менен клишим түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода жүргүзүү алкагындагы "бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Россиялык компаниянын өкүлү Кыргызстандын сапаттуу продукциясын импорттоого кызыкдар экенин билдирген.

"Эки тараптуу жолугушуунун алкагында, июнь айында дыйкан чарбасы россиялык компания менен келишим түзүп, аларга продукция жеткире баштады. Бүгүнкү күндө Россияга 60 тонна сабиз экспорттолду. Эми август айынан тарта жумасына 40 тонна жашылча жеткирүү пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Россияга 280 тонна сарымсак менен калемпир жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0