"Кыргыз темир жолу" тепловозду оңдотуу үчүн 22 миллиондон ашык сомго тендер жарыялады

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүТепловоз. Архив
Тепловоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендерге катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 4-августуна чейин ишканага билдирме жиберүүлөрү тийиш.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү 22 миллион 900 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Балыкчы — Корумду жолунун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги Балыкчы — Корумду жолун оңдоого 1 млрд. сом бөлөт
Маалыматка караганда тендер ЧМЭ-3 үлгүсүндөгү тепловозду оңдотуу үчүн жарыяланган. Тендерге катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 4-августуна чейин ишканага билдирме жиберүүлөрү тийиш. 

Эске салсак, буга чейин "Электр станциялары" ишканасы 46 миллион сомго тепловоз сатып алууга тендер жарыялаган. Айрым маалымат каражаттары анын баасы абдан жогору көрсөтүлүп калганын жазып чыккан. Ал эми ишкананын маалымат кызматы заводдон чыккан жаңы тепловоз сатылып алынарын айтып, арзан баадагы эскисин деле сатып алууга болоорун, бирок алар тез бузулуп көп каражат талап кыларын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0